Кыргызстанда майнинг фермаларга салык киргизүү каралууда

Кыргызстанда майнинг фермаларга салык киргизүү каралууда.

Документ экономика министрлиги тарабынан иштелип чыгып,

өкмөттүн сайты аркылуу коомдук талкууга коюлду. Салыктын базасы катары

электр энергиясына төлөнгөн сумма каралат. Салыктөн көлөмү 15 пайызды түзөт.

Долбоордун негизги максаты пандемия шартында мамлекеттик бюджеттин

киреше бөлүгүн көбөйтүү. Эске салсак, 1-июлдан тарта Кыргызстанда

майнинг-фермалар үчүн жаңы тариф күчүнө кирген. Ага ылайык

ишканалар киловатт-саатына 2 сом 91 тыйындан төлөйт.