Кыргызстанда акыркы суткада дагы 118 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандар Бишкек жана Ошто – 8ден,
Чүй облусунда — 4, Ошто – 51, Таласта — 1, Нарында — 2, Ысык-Көлдө – 14, Жалал-Абадда – 6 жана
Баткен облусунда – 24. Ушуну менен Кыргызстанда КОВИД-19ду
жеңгендердин жалпы саны 42 миң 879га жетти.