Ош шаарында дарыгерлерди 28 кичи автобус ташып жатат.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алар шаардагы күчөтүлгөн тартипте иш алып барган
12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана 8 бейтапкананын
дарыгерлерин күнү-түнү тейлөөдө. Унааларды күйүүчү май менен
камсыздоо мэрия тарабынан уюштурулду. Ал эми айдоочулар
өз демилгелери менен кызмат акысын албай, акысыз иштеп жатат.