Ош шаарында 3 бала бакча пайда болот

Ош шаарында 3 бала бакча пайда болот.

Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, жаңы объектилер Ак-Тилек жана Туран кичирайондорунда,

ошондой эле Жапалак айыл башкармалыгына караштуу Арек Айылында курулуп жатат.

Учурда иштер кызуу жүрүүдө. Мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин ар бири 100 орундан кем эмес.

Мекемелер жыл аягына чейин салынып бүтөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.