Ош шаарында батир өрттөнүп, куткаруучулар 60 адамды эвакуациялады

Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн калаанын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатындагы батир күйгөн.

Жалын саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлдү.

Өрт чыккан подъездде жашаган 60 адам куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.