Баткенде сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан кийин Сүлүктү шаарынын көчөлөрүн, Андарак жана Көк-Таш айылдарын суу каптады.
Жеринде 26 куткаруучу жана атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.