Бир күндө эки жолу жер титиреди

Кыргызстандын аймагында бир күндө эки жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 9-сентябрдын таңында Ош жергесинде күчү очогунда үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин титиреши Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кара-Шыбак айылдарында эки балл болуп сезилди.

 

 

8-сентябрда саат 21:04тө Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Жердин титиреши Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн, Кадамжай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.