Ош шаарында курулушу башталып, бирок иши токтоп калган 4 мектепке мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт

Ош шаарында курулушу башталып, бирок иши токтоп калган 4 мектепке мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт.

Бул тууралуу шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шүкүрали Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, долбоорлорго республикалык бюджеттен 100 миллион сом каралган.

Анын 50 миллион сому бүгүн же эртең которулган соң иштер старт алат. Объектилер Амир-Темур,

Курманжан Датка кичирайондорунда, Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында жана Ригатор көчөсүндө жайгашат.