Бишкекте көмүрдү кымбат саткандарга айып салынат

Бишкекте көмүрдү кымбат саткандарга айып салынат. Бул тууралуу мэрия эскертет.

 

Райондук администрация өкүлдөрү жана Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы кара отундун кымбатташына жол бербөө максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 

Бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 6 миң сом, Кара-Жыра жана Шабыркүл 6 миң 200 сомдон сатылып жатат.