Ош шаарында куткаруучулар өз жанын кыюуга каракет кылган аялды сактап калышты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Ош шаарынын Джим көчөсү №1 дарегинде жайгашкан
12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 1986-жылы туулган Т.Н. аттуу аял өз жанын кыйуу үчүн
секирем деп аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя катталган жерге ӨКМдин 4 кызматкери барып, аялды алып түшүп, тез жардам
кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Куткаруучулар тез жардам кызматына өткөрүп берүү учурундагы тартылган
тасмадан баласын кайтарып берүүсүн айтып жатканын угууга болот.