Бишкектин конуштарында курулуп жаткан объектилердин интерактивдүү картасы пайда болду.
Картаны мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Санарип технологиялар
борбору» түздү, — деп билдиришти мэриядан. Анда социалдык объектилердин курулушу
кайсы стадияга жеткени боюнча маалыматтар камтылат. Учурда анда 8 гана объект бар.
Жакынкы аралыкта ага Капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы
аркылуу курулуп жаткан бардык имараттар киргизилет.