Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди

Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди.

29-декабрдан тартып федералдык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

Алсак, Россияга иштегени барган жарандар өлкө аймагына киргенден кийин 30 күндүн

ичинде бир жолку дактилоскопиялык мамлекеттик каттоодон өтүп, сүрөткө түшүшү керек.

Андан тышкары, коркунучтуу инфекциялык оорулары бар-жогун аныктаган медициналык

кароодон жана башка бир катар текшерүүлөрдөн өтүшү шарт. Талаптарды аткарбаган

жарандардын Россия аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскарат же тыюу салынат.