Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 200дөн ашык тургун эвакуацияланды.
Сары-Булак айылынын жашоочулары Кара-Кочкор айылындагы мектептин имаратына жана туугандарыныкына
жеткирилди, — деп билдиришти өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Андан тышкары, аталган аймактагы
Сары-Булак, Кара-Кочкор, Ак-Кыя айылдарындагы турак жайларды суу каптап, Кара-Кулжа — Ак-Кыя,
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолдору кум-шагылга толуп калды жана Насирдин айылындагы
көпүрөнү сел алып, жол жабылды. Жеринде куткаруучулар, атайын техника жана тез жардам кызматы иштеп жатат.