Ош шаарынын айрым райондорунда күн сайын 2 саатка жылуулук өчүрүлүп турат

Ош шаарынын айрым райондорунда күн сайын 2 саатка жылуулук өчүрүлүп турат. Бул тууралуу 24 агенттигине “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

 

Токтогул суу сактагычында аварияны алдын алуу максатында электр энергиясы менен камсыздала турган жылуулукту өчүрүү зарылчылыгы жаралды. Адистер эскертишкендей, бул учурда электр энергиясын берүү дагы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.