Ош шаарынын тургундары үчүн газ жеткирүүдөгү кемчиликтер 3 күндө чечилет.
Газпром ишканасынын Ош филиалынын башкы инженери Мирбек Маматовдун айтымында,
учурда Анар, Ак-Тилек, Амир-Тимур кичи райондорунда жана Калинин массивиндеги 12 миң
керектөөчүгө көгүлтүр оттун керектүү басымын берүү үзгүлтүккө учурап жатат.
Мүчүлүштүктөр Өзбекстан тараптан, коңшу өлкөнүн маалыматы боюнча маселе 3 күндө чечилет.