Ошко Өзбекстандан 50 автобус алынып келинди

Ошко Өзбекстандан 50 автобус алынып келинди.

Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, транспорт эки күндүн ичинде каттамга чыгат.

Маалыматка ылайык, автобустардын ичине кассалык чек, GPS орнотулган.

Жолгире төлөм картасы барлар үчүн 8 сом, накталай болсо 10 сомду түзөт.

Анын сыйымдуулугу 38 адамга ылайыкталган.

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду менен кол коюлган келишимдин алкагында лизингге алынган техниканын ар бири 37 миң доллар турат.