Ош шаарынын санэпидкөзөмөл борбору калаадагы бардык соода түйүндөрүндө рейд жүргүзүүдө. Адистер мөөнөтү өткөн жана этикеткасы жок азыктарды күркөлөрдөн алып жатат.
Тез бузулуучу жана сүт азыктарына өзгөчө көңүл бурулууда, — дешти түштүк калаа мэриясынан. Эске салсак, 1-майда Кара-Суудагы цехте даярдалган таттуу токочтордон 30дан ашык адам ууланып, ооруканага кайрылды. Учурда алардын абалы жакшы. Ал эми цехтин ээсине 7 миң 500 сом айып салынды.