Жалал-Абад облусунда 28-декабрдан тарта милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында

2022-жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу

облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат

өтөгөн кызматкерлер, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги спорттук

мелдештерде ийгиликке жеткендер сыйланышты. Салтанаттуу жүрүштүн алдында

президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев

сөз сүйлөп, милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер

болуусун, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиздин өнүгүп өсүүсүн каалады.

Андан соң Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев жалпы өздүк курамды

келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү белгиленген графиктин

алкагында ар бир кызматкерди ак ниеттүүлүк менен ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.

Жаңы жылга карата облустук милиция 28-декабрдан 2022-жылдын 1-январына чейин

күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Облус аймагында коомдук тартипти жана жол

кыймылынын коопсуздугун жалпы 1000ден ашуун милиция

кызматкери жана 500дөн ашуун элдик кошуун көзөмөлдөйт.