Бишкекке жаз февралда эле келип алат

Бишкекке жаз февралда эле келип алат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ордо калаада эртеңден тарта күн кескин жылыйт. Жаан-чачын басылат, туман тарап, күн чыгат.

 

Күндүз 15 градуска чейин жылыса, түнкүсүн дагы + көрсөткүчү сакталат. Ал эми 15-февралдан кийин Бишкекке чыныгы жаз келет. Күндүз аба табы 20 градуска чейин жылып, шаар тургундарын кубандырат.