COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга мартта жеткирилет

COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга мартта жеткирилет. Ал эми экинчи бөлүгү жылдын экинчи жарымында алынып келиши күтүлүүдө.

 

Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда жарыяланды. Премьер-министр Улукбек Марипов белгилегендей, калкты ыктыярдуу эмдөө сапаттуу жүргүзүлүп, биринчи кезекте мугалимдерди жана дарыгерлерди камтышы керек.

 

Андан тышкары, өлкөнүн ооруканалары коронавирустун жаңы штаммынын жайылышына даяр болушу керек. Премьер ошондой эле дары-дармек жана жеке коргонуучу каражаттардын запасын толуктоо тапшырмасын берди.