Бишкек мектептерине 264 мугалим жетишпейт

Бишкек мектептерине 264 мугалим жетишпейт.

Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуу жылынын башталышында муниципалдык

мектептерге 400 мугалим жетишсиз болчу. Ваканттык бош орундар

жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен толукталат. Андан тышкары,

бош орундар аралаш багыттагы мугалимдер менен дагы жабылат. Алсак,

так илимдер боюнча педагог математика жана

физика сабактарын бирдей өтө алат.