Оштогу тергөө абагы талапка жооп бербейт

Омбудсмен Жамиля Жаманбаева Ош шаарындагы №5 тергөө абагынын (СИЗО-5) абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы тергөө абагынын эскилиги жетип, бардык бөлмөлөрү ным экенине көңүл бурду. Жаманбаева түрмө жетекчилиги менен бул маселени талкуулады.

“№5 тергөө абагы 1890-жылдары курулуп, анда Алымбек датканын баласы Камчыбек кармалып турганы белгилүү. Абактагылардын шарты белгиленген талапка жооп бербейт. Бул адам укугун бузуу болуп саналат. Мындан улам шаардын сыртына жаңы абак курууну эртелетүүнү сунуштайм”, — деди Акыйкатчы.

Жаңы тергөө абагы салынуучу жерди аныктоо иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

 

Маалыматка ылайык, Оштогу №5 тергөө абагы 500 кишиге ылайыкташкан. Азыр анда 367 адам кармалып турат. Акыйкатчыга абактагылар кармоо шартына нааразы эместигин айтып, бирок сотто укугун коргоого жардам сурашкан.

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына дагы барды. Анда кармалып турган бир аял укугу бузулуп жатканын айтып берди.

 

Кыргызстандагы тергөө абактары жана убактылуу кармоочу жайлардын саны жетишсиздигин жана абалы начар экенин укук коргоочулар белгилеп келет. Тергөө абактарынын айрымдары бир кылым мурда курулган, авариялык абалда экенине карабай, кылмышка шектүүлөр кармалып турат.

2022-жылкы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.