Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Бектур Зулпиев президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

 

58 жаштагы Бектур Зулпиев Ош шаарында туулган. Ал мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, 3-курстан соң Москва мамлекеттик университетине которулган. Жогорку окуу жайды аяктаган соң улуттук университетте бир нече жыл укук таануу боюнча сабак берген.

Мамлекеттик кызматка Бектур Зулпиев 1997-жылы келип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) укуктук бөлүмүн башкарган. 2005-жылдагы март ыңкылабынан соң президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин командасынын белдүү мүчөсүнө айланып, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Ак үйдө иштеген.

 

Бектур Зулпиев 2007-жылдагы конституциялык реформага активдүү катышкан. Ал учурда оппозициянын бир нече жолку реформаны талап кылган митингдерине карабай, Бакиевдин супер-президенттик бийлигин бекемдеген Баш мыйзам кабыл алынган.

 

Бектур Зулпиевдин аты 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кабыл алынган толук президенттик башкарууга өткөн Конституцияга байланыштуу да аталган.