“Манас” аэропортунда изделип жаткан бомба табылган жок

“Манас” аэропортунда изделип жаткан бомба табылган жок. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.   Бүгүн, 16-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуацияланып, 40 мүнөттөн кийин кайра имаратка киришти.   Белгиленгендей, пландалган рейстер токтотулган жок.

Быйыл жазгы айдап-себүү иштерине 4 тонна урук сатылып алынат

Быйыл жазгы айдап-себүү иштерине 4 тонна урук сатылып алынат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта 55 миллион сом жумшалат деп пландалууда.   Учурда үрөн чарбачылыктары менен 40 келишим түзүлдү. Ага ылайык, буудай, арпа, жүгөрү, беде, пахта, эспарцет жана картөшкөнүн уругу сатып алынат.

Бишкекте температура боюнча рекорд жаңыланды

Бишкекте температура боюнча рекорд жаңыланды.   Синоптиктердин маалыматына ылайык кечээ, 15-майда ордо калаада аба 34,5 градуска чейин көтөрүлдү. Ага ылайык, орточо суткалык температура нормадан 9 градуска ашты.   Белгилеп кетсек, 15-майдагы эң ысык күн буга чейин 2004-жылы катталган. Анда шаардагы аба 33 градустан ашкан.

«Курманбек» стадиону толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди

Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадиону толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.   Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аталган стадиондо гибриддик оюн талаасы, 5 миң көрүүчү үчүн орундуктар жана жарык берүүчү шам-чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп-түзөлдү. Анын алкагында эл аралык расмий оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.  

Кыргызстандык окуучулар Борбор Азия олимпиадасында 10 медалга ээ болду

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия олимпиадасында бир алтын, үч күмүш жана алты коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   11-12-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинен Кыргызстандан 27 окуучу катышкан.

Кыргызстан менен Кытай “Бедел” бекетин ачуу боюнча талаа иштерин баштады

Кыргызстан менен Кытай “Бедел” бекетин ачуу боюнча талаа иштерин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка караганда, жумушчу топ аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Ошондой эле Барскоон-Учтурфан-Аксуу унаа жолунун курулушунун маршруту жана… Кененирээк…

Баткенде милиция кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн курулушу башталды

Баткенде милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үйдүн курулушу башталды. Ички иштер министрлигинен маалым болгондой, турак жай Раззаков шаарында жайгашат.   Курулуш иштери ИИМдин Курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан колго алынган.   Белгилеп кетсек, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.

Кыргызстандан Малайзияга аба каттамдарын ачуу сунушталды

Президент Садыр Жапаров 15-майда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту.   Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болуп, кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык кеңири потенциалга ээ экенин белгиледи. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык баштапкы баскычта турат.… Кененирээк…

Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 16-майдан 18-майга чейин ылай аралаш суу агындылары Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүрүшү мүмкүн.   Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.   Жарандарга арыктарды, суу түтүктөрүн жана дренаждык каналдарды… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 4 башкы көчө ремонттолот

Бишкекте быйыл 4 башкы көчө ремонттолот.   Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Чүй проспектисинин Манас – Айтматов тилкесинде, Горький көчөсүнүн Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү, Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор – Горький участогу жана Жибек Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкеси жүргүзүлөт.  … Кененирээк…