Бишкекте беш курулуш компаниянын объектилеринде иш токтотулду
Бишкектеги курулуш компаниялары 29-апрелге чейин өз объекттерине атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган пункттарды орнотууга милдеттендирилген. Мэриядан билдиришкендей, буйрукту аткарбагындыгы үчүн беш компаниянын объектилеринде курулуш иши токтотулду. Рейддик иш-чаралар улантылат. Буга чейин ордо калаадагы курулуш компанияларына 60тан ашык жазма буйрук берилген, — деп айтылат маалыматта.