Панфилов районунун Кайыңды шаарчасында жаңы стадион колдонууга берилди

Панфилов районунун Кайыңды шаарчасында жаңы стадион колдонууга берилди. “Турмуш” өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдиргендей, спорт аянчасынын узундугу 107 метр болсо, кеңдиги 68 метрге жетип, 510 адамга эсептелет.

 

Курулуш иштерге жалпысынан  16 миллион сом бөлүнгөн.