Кыргызстанда эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө коронавирустан эмделиши керек

Кыргызстанда эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө коронавирустан эмделиши керек. Министрлер кабинетинде “Жугуштуу ооруларды иимунопрофилактикалоо жөнүндө” токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

Ага ылайык, эмделе тургандардын тизмесине музей, китепкана, спорт залдар, театр, кинотеатр, концерт залдары, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдардын оюн аянттарынын жана фитнес-клубдардын кызматкерлери киргизилди.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда коронавируска кабылуу учурлары кайрадан көбөйүүдө.