Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 70ке жакын адам тамак-ашка ууланып, ооруканага кайрылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, райондук ооруканага бейтаптар 11-октябрдын
түнүнөн тартып кайрыла баштаган. Учурда ооруканада 13 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө
жаш бала, арасында кош бойлуу аял да бар. Бейтаптар эттен ууланышы мүмкүн. Маалым болгондой,
10-октябрда Бек-Абад айылында той өтүп, андагы коноктор эт жешкен.
Уулануунун себеби лабораториялык жол менен аныкталат.