Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй карантинине алынды

4-апрелде Ош жана Жалал-Абад облустарына барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана аны коштоп жүргөн 12 кызматкер коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырды. Алардын эч кимисинен вирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

 

Премьер-министри өзү жана делегациянын мүчөлөрү үч күнгө үй карантинине жиберилди. Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү.