Бишкек-Ош трассасында кар көчкүнү атайлап түшүрүү уланууда

Бишкек-Ош трассасында кар көчкүнү атайлап түшүрүү уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда иштер жолдун 132-137- жана 198-255-чакырымдарында жүргүзүлүп жатат.

 

Кар массаларын түшүрүү маалында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө. Белгилеп кетсек, иш-чара тоолуу трассаларда коопсуздукту камсыздоо максатында аткарылат.