Нургазы Нишанов «Кыргызнефтегаз» ишканасына жетекчи болду

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын төрагасы болуп Нургазы Нишанов дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Нургазы Нишанов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2017-жылы мандатын тапшырып, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган.

 

2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмеси менен катышкан.

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана быйыл президент менчикке өткөрүш керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген.