Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитип, жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитип, жарлыкка кол койду.

Өкмөттүн курамы:

  • Акылбек Жапаров — министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси;
  • Арзыбек Кожошев —министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Азиз Аалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Эдил Байсалов — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Камчыбек Ташиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
  • Алмаз Бакетаев — финансы министри;
  • Руслан Казакбаев — тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри;
  • Аяз Баетов — юстиция министри;
  • Эркинбек Осоев — транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
  • Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
  • Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
  • Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
  • Болотбек Купешов — билим берүү жана илим министри;
  • Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
  • Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;
  • Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
  • Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин жетекчисинин мурдагы орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Алар:

  • Жылдыз Бакашова — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Дастан Догоев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри;
  • Асел Чынбаева — юстиция министри;
  • Кайрат Иманалиев — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.