Бишкекте “Ынтымак-2” эс алуу багынын курулушу уланууда

Бишкекте “Ынтымак-2” эс алуу багынын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жерде кийин амфитеатр дагы пайда болот. Учурда анда боз үй формасындагы конструкция орнотулуп жатат.

 

Ал эми отургучтар сарыташ менен жасалгаланат. Ошондой эле, паркта бийиктиги 5 метрге жеткен комуз пайда болот. Бүгүнкү күндө адистер фонтандын үстүндө иштөөдө.