Кыргызстан коронавирус менен абал оорлоп кеткен учурга даяр

Кыргызстан коронавирус менен абал оорлоп кеткен учурга даяр. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жарыялады. Анын айтымында, өлкөдө препараттар жана жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү.

 

Новиков белгилегендей, Бишкек жана аймактарда сатылып жаткан дары-дармектин баасында чоң айырма болбошу керек.

 

Андыктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги баалары көзөмөлгө алып, зарыл болсо, аларды турукташтыруу үчүн аракет көрүшү керек.