Кыргызстанга дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей,
препараттарды мыйзамсыз алып кирүү “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө
түйүнүндө катталды. Такталган маалыматка ылайык, кармалган дары-дармектердин
176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон
ашык. материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү
боюнча мамлекеттик кызматына жиберилди.