«Семетей» обсервациясынын аймагында лабораториялык кызматты уюштурууга даярдыктар башталды

«Семетей» обсервациясынын аймагында лабораториялык кызматты уюштурууга даярдыктар башталды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов айтып бергендей, жумуштар Россиялык дарыгерлер делегациясынын

сунуштамаларына ылайык аткарылып жатат. Эске салсак, мурдагы «Ганси» базасындагы «Семетей»

обсервациясын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылуу сунушталып,

лабораториядагы кадрдык курам күчөтүлөрү маалым болгон.