Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда. Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай абал алдыдагы бир нече күн бою сакталат. Ошондой эле, туруксуз аба-ырайы жана жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Андыктан, жарандарга этият болуу сунушталат.