Талас — Тараз унаа жолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн
көпүрө реконструкцияланат. Тиешелүү мыйзамга президент
Сооронбай Жээнбеков кол койду. Курулуш иштерине гранттык негизде
Япония Кыргызстанга 16 миллиард 4 миллион доллар берет.
Аталган долбоор боюнча «Талас-Тараз» унаа жолунун
82-чакырымындагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна
жаңы көпүрө куруу каралган. Ошондой эле ага алып келчү жолдорду оңдоо маселеси да камтылды.