Министрлер кабинети калкты кайра каттоого даярдыкты талкуулашты.
Негизги жумуштардын календарлык планы түзүлдү, аларды ар башка
министрлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ишке ашырат.
Андан тышкары, Каржы министрлигине калкты кайра каттоо үчүн бюджеттен
керектүү сумманы кароо тапшырмасы берилди. Эске салсак, жарандарды
массалык каттоо 2020-жылы өтмөк, пандемиядан улам иштер токтотулган.
Эми калкты жана турак жай фондун кайра каттоо ушул жазда өтөт.