Жолдошбек Ачикеев “Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын” башкы директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Ачикеев буга чейин “КыргызЭнерго”, “ЧыгышЭлектро” жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагынын” Ысык-Көлдөгү филиалында иштеген.
Белгилеп кетсек, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” — бул электр станциялары иштеп чыгарган электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар менен ири керектөөчү өнөр жайларга жеткирген компания.