Россияда карантин режимин бузгандар 5 жылга эркинен ажыратылат

Россияда карантин режимин бузгандар 5 жылга эркинен ажыратылат.

Москва бийлиги коронавирус коркунучунан улам өзүн коомчулуктан алыс кармабай,

карантинге жатпай койгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Бул Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия, Франция, Германия жана Испанияга

барып келген жарандарга тиешелүү. Учурда Россияда карантин режимин бузган,

тагыраагы сыртка таштанды төккөнү чыккан адамдарга айып салынган учурлар катталды.

Кошумчаласак, аталган өлкөдө вируска кабылган адамдардын  саны 17ни түздү.