Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы август айындагы бардык каттамдарын токтотту

Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы август айындагы бардык каттамдарын токтотту.

Каттамдар буга чейин пландалып, ага билеттер сатылып кеткен.

Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот.

Компаиядан түшүндүрүшкөндөй, бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу.

Эске салсак, буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев

Россия Кыргызстанга 15-августтан 30уна чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын билдирген.