Кыргызстанда медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 430 миллион сом бөлүндү.
Өкмөт аппаратынын маалымат кызматынан билдиришкендей, акчалар коронавирустун
очогунда иштеген кызматкерлерге июль айына карата төлөнүп берилет.
Каржылоо мамлекеттик бюджет тарабынан ишке ашты. Эми сумманын 400 миллион сому
милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна, калган 30 миллион сому
саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылат.