Швейцариялык сүрөтчүлөр дубалы жана эшиги жок мейманкана түрүндөгү инсталляция жасашты

Швейцариялык сүрөтчүлөр дубалы жана эшиги жок мейманкана бөлмөсү түрүндөгү инсталляция жасашты.

Анда туристтер 330 долларга түнөсө болот.

Бөлмө жыгач платформада түзүлүп эки кишилик керебет, тумбочкалар жана сейфтен турат.

Сүрөтчүлөрдүн айтымында, ушундай жол менен алар коомчулуктун көңүлүн глобалдык дүйнөлүк көйгөйлөргө: климаттын өзгөрүшүнө, социалдык теңсиздикке бургусу келет.