Кыргызстанда жумушсуздук жогорулады

Кыргызстанда жумушсуздук жогорулады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен

жумушу жок жарандардын саны 76 миң 700дү түздү. Муну  менен ишсиздердин саны бир жыл ичинде

0,7 пайызга өстү. Бош жүргөн жарандардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад жана Ошко туура келсе,

азыраагы Нарында. Анын ортосунда жумушсуздардын арасында аялдарга караганда эркектер көбүрөөк.