1-декабрдан тартып Кант – Бишкек каттамы боюнча жол кире кымбаттайт

1-декабрдан тартып Кант – Бишкек каттамы боюнча жол кире кымбаттайт.

Ысык-Ата райондук администрациясынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү

ташыган №371 маршруттук таксинин акысы 10 сомго көтөрүлөт. Буга чейин

жол кире 35 сом болсо, эми 45 сом болот. Ал эми Кант шаарынын ички

жолдорундагы маршруттук таксилерде жол кире акысы 10 сом бойдон калат.