Саясий партиялар талапкерлердин тизмесин түзүп жатат. Бул процедуранын жүрүшү тууралуу кененирээк БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.
“Шайлоо жарыялангандан баштап партияларда талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү башталды. Бул съезддерде ишке ашырылат, 20-августка чейин партиялар талапкерлердин тизмесин съезддерде жашыруун добуш менен бекитип алышы керек. Жана 24-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү документтерди тапшырышы керек”
Өз кезегинде БШК ал документтерди 10 күн ичинде текшерип, акыркы тизмени бекитет.