Шайлоо алдында добуш сатып алуу фактылары үчүн чара көрүлөт

Шайлоо алдында добуш сатып алуу фактылары үчүн чара көрүлөт.

 

Генералдык прокуратурадан эске салышкандай, акча жана материалдык баалуулуктарды таратуу үчүн айып 260 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

 

Андан тышкары, акыркы күндөрү жарандар массалык түрдө жашаган жеринин даректерин алмаштырып жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Мындай билдирүүлөр боюнча 21 материал катталып, ички иштер органдары тарабынан тергөө жүрүүдө.