Саламаттыкты сактоо министрлиги окуучулар жана мектепке чейинки курактагы балдардын катышуусу менен массалык иш-чараларды токтотууну сунуштайт

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги окуучулар жана мектепке чейинки курактагы балдардын катышуусу менен массалык иш-чараларды токтотууну сунуштайт. Себеби – курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун кескин жайылышы.

 

Ведомстводон белгилешкендей, күн сайын адистер эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүдө.

 

Эгер мектепте же бала бакчада балдардын 20 пайызы ооруп келбей калса, объектти карантинге жабуу чечими кабыл алынат.