Кичи Бала-Саруу ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке кирет

Кичи Бала-Саруу ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке кирет.

Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон эске салышкандай, объект Талас облусундагы Киров суу сактагычында орун алат.

Келечектеги гидроэлектростанциянын электр линияларын куруу үчүн зарыл бардык материалдар даярдалды.

Андан тышкары, пландалган 31 мамынын 18и тургузулду.